Ссылки доступа

Казакстан ТИМи: орус элчисинин билдирүүсүнө байланышкан маселеге чекит коюлду


Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкин

Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкиндин билдирүүсүнөн кийин аны менен сүйлөшүүлөр болгон. Бул тууралуу 28-декабрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

"Алексей Бородавкин менен бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөр болду. Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов да орус элчисинин билдирүүсү боюнча пикирин айтты. Мындан тышкары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да бул маселе боюнча өз түшүндүрмөсүн берди. Орус тараптын кечирим суроосу кабыл алынып, бул маселеге чекит коюлду деп эсептейбиз", – деди Смадияров.

ТИМдин өкүлү Казакстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди мамлекет башчылары аныктай турганын белгилеп, эки өлкө ортосунда "курч маселелер жок" экенин кошумчалады.

Декабрдын башында Орусиянын Казакстандагы элчиси орусиялык Sputnik маалымат агенттигине интервью берип, эгер Казакстандын бийлигине "улутчулдарга каршы күрөшүүдө" жардам керек болсо, Орусия бул жаатта көмөктөшүүгө даяр экенин айткан. Буга чейин Орусиянын башка ишмерлери да Казакстандын аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу бул сыяктуу чагымчыл билдирүүлөрдү бир нече жолу жасашкан.

Казакстан ТИМинин билдирүүсүндө казак-орус чек арасы дүйнө боюнча кургактыктагы эң узун чек ара экени белгиленип, бүгүнкү күндө ал "толугу менен делимитация болгону" жазылган. "Учурда эл аралык укуктун нормаларына ылайык эки өлкө ортосундагы чек араны демаркациялоо иштери аяктап калды", – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Билдирүүнүн соңунда Казакстан мындан ары да "БУУ Уставынын, эл аралык укуктун жана эл аралык мамилелердеги тең укуктуулук менен демократия принциптеринин бекем сакталышын жактай берери" белгиленген.

15-декабрда Казакстан БУУда Орусиядан Украинадагы согушту тез арада токтотууну жана бул өлкөнүн аймагындагы аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияга каршы добуш берген. Бул талапты 82 өлкө колдосо, 80 өлкө добуш берген эмес. Каршы добуш берген 14 мамлекеттин ичинде Казакстандан тышкары Орусия, Беларус, Кытай, Иран, Түндүк Корея жана Сирия болгон.

Видео

XS
SM
MD
LG