Ссылки доступа

COVID-19: Казакстанда 263 жаңы учур катталып, бир бейтап каза болду


Казакстанда өткөн суткада коронавирус 263 кишиден аныкталды. Бул бир күн мурагыга караганда 32 учурга көп. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеме мындан тышкары акыркы 18 күндөн бери COVID-19дан бир бейтап өлгөнүн белгиледи.

29-декабрга карата коронавирус жуктуруп алган 2729 киши дарыланууда. Алардын ичинен 256 бейтап ооруканада жатат.

Пандемия башталган 2020-жылдын 13-мартынан бери Казакстанда коронавирустан 19 миңдей киши каза болду.

Видео

XS
SM
MD
LG