Ссылки доступа

Казакстанда Акыйкатчы Элвира Азимова Конституциялык соттун төрайымы болуп дайындалды


Казакстанда Конституциялык соттун төрайымы болуп Элвира Азимова дайындалды. Бул тууралуу 29-декабрда Акордо кабарлады.

Билдирүүдө Азимова кызматка 2023-жылдын 1-январынан баштап киришери белгиленген.

Элвира Азимова 2019-жылдын сентябрынан бери Акыйкатчы кызматында иштеп жаткан. Ага чейин юстиция министринин орун басары болгон.

Азимова Акыйкатчы болуп турганда укук коргоочулар анын ишин байма-бай сындап келишкен. Январь окуясынан кийин убактылуу тергөө абагына барган акыйкатчы айрым кармалгандарды "террорист" деп атаганы үчүн сынга кабылган.

Быйыл Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Конституицялык сот институту кайра калыбына келтирилген. Казак бийлиги билдиргендей, 2023-жылдын 1-январынан тарта ишин баштай турган Конституциялык сотко "бардык жарандар арыздана алышат". Анын ыйгарым укуктары конституциялык кеңештен да жогору болот.

XS
SM
MD
LG