Ссылки доступа

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкен дагы бир бала чарчап калды


28-декабрда Кашкадарыя облусунун Дехканабад районунда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин бир жарым жаштагы бала чарчап калды. Муну менен бул препараттан улам каза болгон балдардын саны 19га жетти.

Кашкадарыя облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, болжолдуу тергөө иштери башталды.

Буга чейин Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин 18 бала чарчап калганы, алардын 15и үч жашка чыга элек болгону кабарланган. Наристелердин өлүмүнө препараттын курамындагы "этиленгликоль" заты себеп болгону айтылган.
Бул окуядан кийин өлкөнүн саламаттык сактоо министри Бехзод Мусаев жабыркаган жана каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, бул ишке тиешеси бар бардык жооптуу кызматкерлер жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Өзбекстанда "Док-1 Макс" таблеткалары менен сиробун сатууга 22-декабрда убактылуу тыюу салынган.

Прокуратура жарандарды "Док-1 Макс" дарысын ичпөөгө үндөп, ал препараттар өлкө дарыканаларынан алынган.

XS
SM
MD
LG