Ссылки доступа

Укук коргоочулар Январь окуясы учурунда жоголгон өзбекстандыктын ишин токтотууга каршы сотко арызданышты


Алматыдагы "Эл аралык укуктук демилге" уюму Январь окуясы учурунда дайынсыз жоголгон Өзбекстандын жараны Максат Канатбаевди издөө иштерин токтотуу чечимине макул болбой, Алматынын тергөө сотуна кайрылды. Бул тууралуу жабырлануучу жактын өкүлү, уюмдун юристи Амангелди Шорманбаев билдирди.

"Буга чейин иш токтотулду деген жооп алганбыз. Тергөөнү улантуу талабы менен сотко кайрылдык", - деди Шорманбаев.

Каракалпакстандын Такияташ шаарынын тургуну, Алматыдагы "Алтын Орда" дүң базарында араба түртүп иштеген 32 жаштагы Максат Канатбаев Январь окуялары учурунда кармалган. Полиция Канатбаев 12-январда бошотулганын билдирген, бирок ал ошол бойдон үйүнө кайтып барган эмес.

Ишти Казакстандын антикоррупциялык кызматы иликтеген. Декабрдын ортосунда кылмыш жасаган адамдардын аныкталбаганына байланыштуу аны издөө иштери токтотулганы кабарланган.

Юрист Амангелди Шорманбаев БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арызданууну пландап жатканын кошумчалады.

Өзбекстандын башка бир жараны Азат Жуманиязов да 4-январдан бери дайынсыз болууда. Анын иши менен Казакстандын ИИМи алектенген.

XS
SM
MD
LG