Авиакомпаниянын биринчи лайнери Душанбенин эл аралык аэропортуна 29-декабрь күнү кечинде конду. Аны менен 20дай жүргүнчү – блогер, журналисттер, расмий адамдар жана Кувейттин жогорку окуу жайларында окуган тажикстандык студенттер келди.
Тажикстандын Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода Эль-Кувейт менен Душанбенин ортосундагы ыраттуу каттамдар жумасына эки жолудан – бейшемби жана ишемби күндөрү аткарыларын билдирди.
"Умрага (кичи ажылык) барууну каалагандар бар экенин эске алганда, бул каттамга суроо-талап көп болот деп ойлойм. Бирок негизги максат – Кувейттен туристтерди тартуу", - деди жогорку кызматтагы аткаминер.
Эль-Кувейт–Душанбе каттамынын "барыш-келиш" билетти 175 кувейт динары же 510 АКШ доллары турат.
Jazeera Airways – мамлекеттик эмес төмөнкү бюджеттүү авиакомпания. Ал негизинен Пакистанга, Индияга, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнө каттамдарды аткарат.