Ссылки доступа

БУУ: Согуш башталгандан бери Украинада дээрлик 18 миң жайкын тургун каза болуп, жаракат алды


Херсон шаарынын тургуну жана күйөөсүнүн сөөгү. 24-декабрь 2022-жыл
Херсон шаарынын тургуну жана күйөөсүнүн сөөгү. 24-декабрь 2022-жыл

Орусия Украинага басып киргенден бери жети миңге жакын украин жайкын тургуну каза болуп, дээрлик 11 миңи жаракат алды. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы жарыялаган жаңы баяндамада айтылат.

Ага ылайык, уюмдун өкүлдөрү декабрь айында Украинанын 165 жайкын тургунунун өлүмүн каттады. Мындан тышкары 500дөн ашык жаран түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Жалпысынан 2022-жылдын 24-февралынан 26-декабрына чейин Украинада 6 884 жай тургун каза болду. Алардын 2 719у эркектер, 1 832си аялдар жана 391и балдар. Бул аралыкта өлкөнүн 10 947 жараны жараат алса, алардын 2 364үн эркектер, 1 709ун аялдар жана 547син балдар түзгөн.

Украинада согуш башталгандан бери баарынан да Донецк жана Луганск облустарында көп киши (4 052) өлгөн. Өлкөнүн башка аймактарында февралдан декабрдын аягына чейин 2 832 адам каза болгон.

"Жайкын тургундардын көбү оор артиллерия менен реактивдүү системалардын колдонулушунан, ошондой эле ракеталык жана авиасоккулардан улам өлгөн", – деп жазылган баяндамада.

БУУдан белгилешкендей, каза болгон жайкын тургундардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн. Анткени активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардан маалыматтар кечигип келүүдө.

Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусия кол салгандан бери өлкөдө 35 миңден ашык объект талкаланды. Алардын арасында газ куурлары, электр подстанциялары жана көпүрөлөр сыяктуу өтө маанилүү инфраструктуралык объектилер да бар. Мекемеден белгилешкендей, аткылоолордон баарынан да Харьков, Донецк жана Луганск облустары көп зыянга учурап жатат.

XS
SM
MD
LG