Жергиликтүү акимчиликтин өкүлү Данияр Сериковдун айтымында, аталган кенди иштеткен "Тарбағатай Мұнай" компаниясы менен өлкөнүн Энергетика министрлигинин ортосунда кол коюлган келишимдин мөөнөтү 31-декабрда аяктады.
"Компания 2022-жылы Кытайга 75 миллион куб метр газ экспорттошу керек болчу, бирок бул көлөмгө жетпей калды. Буга карабастан, келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу газ сатуу токтотулду", – деди Сериков.
"Тарбағатай Мұнайдын" маалыматына караганда, өткөн жылы компания Кытайга 67 миллион куб метр газ экспорттоду.
"Сарыбулак" кенинен Кытайга газ сатуу тууралуу келишимге 2012-жылы кол коюлган. Ага ылайык, көгүлтүр отун Кытай менен аймактын тургундарынын ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлүшү керек болчу. Бирок узак жылдар бою келишимдин бул шарты аткарылбай келгени белгилүү болгон. 2020-жылы Чыгыш Казакстан облусунун бийлиги акыркы беш жылдын ичинде Кытайга 400-500 миллион куб метрден газ экспорттолгонун, аймактын тургундарына болгону 9 миллион куб метрден берилгенин билдирген. Анда акимчиликтен муну "ички инфраструктуранын чектелгени менен" түшүндүрүшкөн.
2022-жылы майда Чыгыш Казакстан облусундагы Зайсан районунун тургундары аймактагы айрым айылдарда газ жок экенин айтып, Кытайга көгүлтүр отун экспорттоону токтотууну талап кылышкан. Мындай талапка "Тарбағатай Мұнай" компаниясы макул болгон эмес. ЖМКлардын маалыматына караганда, "Тарбағатай Мұнайга" Кытайдын улуттук компаниясы ээлик кылат.
Кытайдын чек арасынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан "Сарыбулак" кениндеги газдын запасы 5 миллиард куб метр деп бааланган. Бүгүнкү күндө ал дээрлик түгөнгөнү айтылууда.