Ссылки доступа

RSF тажик бийлигин цензура үчүн сынга алды


"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму Тажикстандын бийлигин туруктуу цензура үчүн сынга алып, өлкөдө 2022-жылы камакка алынган журналисттерди эркиндикке чыгарууга үндөдү.

Тажикстанда акыркы үч айдын ичинде жети журналист жана блогер түрдүү мөөнөттөргө (7 жылдан 21 жылга чейин) эрктеринен ажыратылды. Аларга негизинен "Жалган маалымат таратуу", "Экстремисттик уюмдун ишине катышуу" жана "Тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу" сыяктуу беренелер боюнча айыптар тагылган. Журналисттер менен алардын жакындары айыптардын баарын четке кагып келишет.

"Чек арасыз кабарчылардын" баяндамасында соттолгон журналисттер коомчулук үчүн маанилүү темаларда макала жазып, видеорепортаждарды жасап жүргөнү, өз кезегинде бул жергиликтүү аткаминерлерге жакпай калганы белгиленген.

"Журналисттер менен блогерлерге карата сот өкүмдөрү октябрь айынын башында биринин артынан бири чыгарылган. Бул өкүмдөр өз пикирин айтууга кайраты жеткен Тажикстандагы көз карандысыз журналисттерге эскертүү болду. Кыйноого алуу, терроризмге айыптоо, тагылган күнөөнү мойнуна алууга мажбурлоо, сот отурумдарын жабык өткөрүү – президент Эмомали Рахмондун авторитардык өкмөтү сын айткандарга каршы колдонгон негизги ыкмалар болуп эсептелет", – деп жазылган баяндамада.

Буга чейин бери дегенде эле камактагы үч журналист тергөө абагынан кат жазып, психологиялык жана физикалык басымга кабылганын, күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурланып жатышканын билдиришкен.

Октябрдын башында Тажикстанда 26 жаштагы белгилүү журналист Абулло Гурбати 7,5 жылга соттолгон. Ал "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу", "Бийлик өкүлүнө акаарат келтирүү" жана "Милиция кызматкерине зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча айыпталган. Камакка алынганга чейин аны менен бирге курч темаларда репортаждарды даярдап, Ютубга чыгарып келген дагы бир журналист Далер Эмомали 10 жылга эркинен ажыратылган.

Тажикстандын мамлекеттик телеканалынын мурдагы кызматкерлери Завкибек Саидамини менен Абдусаттора Пирмуҳаммадзода да өздөрүнүн Ютуб-каналын иштетип келишкен. Алар быйыл июль айында кармалып, экөө тең жети жылдан эрктеринен ажыратылган.

Дагы бир тажикстандык блогер Хушом Гулям (Хушруз Жумаев) сегиз жылга соттолгон.

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, журналист Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон) жети жылга кесилген. Ал "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Кылмыш ишинин козголушуна отставкадагы полковниктин 2022-жылы май айында болгон Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы окуялар тууралуу "Феусбуктагы" билдирүүлөрү себеп болгону айтылган.

Журналист жана жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева Тоолуу Бадахшанда "Мыйзамсыз митинг уюштуруу" айыбы менен 21 жылга эркинен ажыратылган.

Тажикстан журналисттер кармалардын алдында жарыяланган "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 152-орунга жайгашкан. 2021-жылы бул рейтингде өлкө 162-орунда болгон.

Видео

XS
SM
MD
LG