Ссылки доступа

Ташкент-Алматы аба каттамынын жети жүргүнчүсү катуу турбуленттиктен улам жабыркады


Ташкенттен Алматыга бараткан Air Astana авиакомпаниясынын учагы турбуленттик тилкеге кабылып, жети жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Каттам Ташкенттен 2-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:35те учуп, 16:45те Алматыга конгон. Экипаж жабыркаган жүргүнчүлөргө биринчи медициналык көмөк көрсөткөндөн кийин "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

Авиакомпания бул окуяга өкүнүчүн билдирип, жабыркагандарга бардык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Окуяга байланыштуу тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзөрү айтылды.

Кийинчерээк Казакстандын Жарандык авиация комитети беш адам жабыркап, алардын төртөө ооруканага баруудан баш тартканын, бир аял омурткасы сынган деген шек менен бейтапканага жеткирилгенин билдирди.

Турбуленттик тилке - толкундар туш келди пайда болгон кубулуш.

XS
SM
MD
LG