Ссылки доступа

Астана АЭС курулушу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн блогерлерди чет өлкөлөргө алып барууда


Активисттердин, журналисттердин, блогерлердин жана депутаттардын атомдук станцияларга сапары калкка Казакстанда АЭСтин курулушу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында уюштурулган. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Болат Акчулаков билдирди.

— Түштүк Кореяга ал жакта кандай реактор колдонулуп жатканын көрүү үчүн барышты. "Росатом" куруп жаткан "Аккай" объектисин көрүү үчүн Түркияга сапар уюштурулду. Франция атомдук электр станциясын куруу боюнча лидер экенин эске алып, ал жакка да алып бардык. Терс пикири болгон респонденттердин көбү нейтралдуу же оң позицияга өтүштү. Өтө негатив жок азыр. Чет өлкөлүк сапарларга калк менен байланышта болгон блогерлер барышты, — деди министр.

Былтыр февралда Болат Акчулаков өлкөдө атомдук энергетиканы өнүктүрүүнүн потенциалы жөнүндө айтып, АЭСтин коопсуздугу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери жүрөрүн билдирген.

Экоактивисттер, экологдор жана энергетика тармагындагы бир катар эксперттер АЭСтин курулушун коопсуз деп эсептешпейт.

Казакстан АЭСти бир катар өлкөлөр менен биргеликте курары айтылган. Консорциумга кытайлык China National Nuclear Corporation, кореялык KHNP (Korea Hydro & Nuclear Power), франциялык EDF (Еlectricitе de France) жана орусиялык "Росатом" компаниялары кирген.

XS
SM
MD
LG