Ссылки доступа

Тажикстанда суракка чакырылгандан кийин каза болгон жарандын үй-бүлөсү ИИМден кенемте талап кылууда


Мехрожиддин Гадозода. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт
Мехрожиддин Гадозода. Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт

Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту милиция кармагандан кийин каза болгон Мехрожиддин Гадозоддун жакындарынын ИИМден 500 миң сомони өлчөмүндө кенемте өндүрүп берүү өтүнүчүн канааттандырган жок.

33 жаштагы Мехрожиддин 2021-жылы 10-апрелде уурулукка шектелип суракка чакырылган. Ошол эле күнү кечинде милиция кызматкерлери анын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришкен.

Тажик ИИМинин маалыматына караганда, Мехрожиддин Вахдат шаардык Ички иштер башкармалыгынын имаратынын үчүнчү кабатынан секирип, шаардык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Бирок маркумдун жакындары ал милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам өлгөнүн билдирүүдө.

"Биз Мехрожиддиндин кичинекей үч баласы үчүн кенемте төлөнүп берилишин талап кылып жатабыз. Мен 65 жашымда аларды тарбиялап, тамак-аш, кийим менен камсыз кылышым керек болууда. Өзүм эч жерде иштебейм, уулун жоготкондон кийин жубайым ооруп калган, азыр туруктуу кароого муктаж. Кызым да ооруп калды. Азыр бизге кыйын болуп жатат", – деди маркумдун атасы Файзулло Гадоев.

Жергиликтүү прокуратура Мехрожиддин Гадозоддун өлүмү боюнча милициянын капитаны Хушвахт Файзуллозодага каршы "Кызматын так аткарбоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул кылмышка күнөөлүү деп табылса ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок 2021-жылы ноябрда Файзуллозода өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс менен эркиндикке чыгарылган.

Гадозоданын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан "Кыйноолорго жана жазасыздыкка каршы жарандык коом" коалициясынын маалыматына караганда, райондук сот кенемте төлөө өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу чечимин шектүү мунапыстын алкагында бошотулганы менен негиздеген.

"Мыйзамга ылайык, кызматкери зыян келтирген мекеме жабырлануучуга өз бюджетинен кенемте төлөп бериши керек. Биз сот өкүмү менен макул эмеспиз жана ал боюнча Жогорку сотко кайрылабыз", – деди коалициянын адвокаты Гулчехра Холматова.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери Мехрожиддин Гадозоданы кыйноого алганын четке кагып келет. Соттук териштирүүлөр маалында мекеменин өкүлү Гадзоданын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүгө эч кандай негиз жок экенин айткан.

XS
SM
MD
LG