Ссылки доступа

Куляб шаарында жергиликтүү тургундун өлүмүнө милиция кызматкерлери айыпталууда (видео)


Абдукаххор Розиков.
Абдукаххор Розиков.

Тажикстандын Куляб шаарында ондогон кишилер жергиликтүү өлүккананын алдына чогулуп, Абдукаххор Розиковдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылышты.

Алар маркумдун өлүмүнө жергиликтүү милиция кызматкерлерин айыпташууда. Милиция кызматкерлери 3-январга караган түнү Абдукаххор Розиковду кармашкан. Бир нече сааттан кийин анын сөөгү өлүкканага жеткирилген.

Жители Куляба требуют найти и наказать виновных в смерти родственника
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

37 жаштагы Абдукаххор Розиковдун атасы Сафар Гиёев уулунун денесинде кыйноонун издери болгонун айтат.

“Биздин үнүбүздү угушсун деп чогулдук. Аны кармап кетип, милиция бөлүмүнө алып барып кыйнаган кызматкерлер бул аракети үчүн жооп бериши керек”, деди Сафар Гиёев.

3-январь күнү кечинде Тажикстандын Ички иштер министрлиги “Абдукаххор Розиков психиканы кубаттандырган амфетамин дозасын ашкере ичип алгандан кайтыш болду” деген билдирүү таратты.

Расмий маалыматка караганда, Абдукаххор Розиков Гиссар шаарынын тургуну Акбар Пироновго 356 гр гашишти 500 долларга сатып жаткан маалда кармалган.

Абдукаххор Розиков бир нече жыл мурун маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга соттолгон. Кийин шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандын убактылуу кармоо жайларында жана түрмөлөрүндө кыйноо көрсөтүү кадыресе көрүнүш экенин сынга алып келишет.

XS
SM
MD
LG