Ссылки доступа

Тажик активисттери Хоженттеги катаал режимдеги колонияга которулду


Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбеков
Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбеков

Тажикстан бийлигин күч менен кулатууга аракет жасоо айыбы менен 16 жылга соттолгон Ораз Вазирбеков менен 13 жылга эркинен ажыратылган Рамзи Вазирбеков Хоженттеги катаал режимдеги түрмөгө которулду.

Бул тууралуу алардын туугандары “Озоди” радиосуна билдиришти. Соттолгондорду Душанбеден Хожентке 2022-жылдын 28-декабрында алып кетишкен.

Жарандык активисттер Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбеков Орусияда иштеп жүрүшкөн. Алар 2022-жылы июль айында Екатеринбургдан учуп келгенден кийин Москвадагы Домодедово аэропортунда жоголуп кетишкен. Көп өтпөй тажик бийлиги алар өз ыктыяры менен мекенине кайтып келип, Тоолуу Бадахшандагы нааразылыктарга байланыштуу тергөөгө жардам берип жатканын билдирген.

Сот жараянында Ораз менен Рамзи Вазирбековдордун туугандары тергөөнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Бийлик ага реакция жасаган эмес.

2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы ондогон кишинин өмүрүн алган жапырт башаламандыктардан кийин Тажикстандын укук коргоо органдары жүздөгөн адамды, анын ичинде жергиликтүү активисттерди кармаган. Алардын айрымдарына өкүм чыгып, узак мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Эл аралык укук коргоо уюмдары бул аракети үчүн Тажикстандын өкмөтүн кескин сынга алышкан. Human Rights Watch уюму тажик бийлигине кайрылып, Тоолуу Бадахшандын тургундарын мыйзамсыз камакка алууну жана адилетсиз сот отурумдарын өткөрүүнү токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG