Ссылки доступа

Казакстанда "Коррупцияга каршы" уюмунун башчысы кармалды


Орол шаарынын тергөө соту “Коррупцияга каршы” уюмунун башчысы, белгилүү коомдук ишмер Аслан Утеповду эки айга камоо чечимин чыгарды. Ал алдамчылыкка жана пара берүүгө шыкактоого айыпталууда.

“Уральская неделя” басылмасы билдиргендей, Утепов жашылча-жемиш дүкөнүн ачууга ортомчулук кылганы үчүн жергиликтүү ишкер айымдан 800 миң теңге (1700 доллар) алып, жаңы жылдын алдында дагы 300 миң теңге талап кылган.

Утепов айыптоолорду четке кагып, бул полиция менен прокуратуранын чагымы экенин, себеби аларды ачык сындап келгенин билдирди.

Утеповдун адвокаты Руслан Шагатаев ал ишкерге юридикалык кызмат көрсөтүп келгенин айтты.

Аслан Утепов Оролдо медициналык маңзаттарды, анын ичинде трамадолду мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүп келген активисттердин бири катары белгилүү.

Видео

XS
SM
MD
LG