Ссылки доступа

Назарбаевдин Астанадагы резиденцияларынын бири "Казахмыс" корпорациясына өткөн


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Астана шаарындагы резиденцияларынын бири "Казахмыс" корпорациясынын менчигине өткөн. Бул тууралуу Кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик бирдиктүү санарип кадастрынын сайтында жазылган.

Жалпыга жеткиликтүү кадастр картасында аталган объект 213201351753 кадастр номуру менен катталып, ага "Казахмыс корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Азырынча Астананын Есил районунда жайгашкан бул резиденциянын качан жана кандай шарттарда "Казахмыска" берилени белгисиз. Объектке Нурсултан Назарбаев "Елбасы фонду" түзгөн "Кыймылсыз мүлктү башкаруу дирекциясы" деген компания аркылуу ээлик кылып келген. Сегиз жыл мурдагы расмий документтерге ылайык, бул район Казакстан президентинин "Нура" резиденциясы деп аталчу. Кийин белгисиз жолдор менен мамлекеттик мүлк жеке менчикке өтүп кеткен.

"Казахмыс" корпорациясы түстүү металлургия жана кен тармагындагы бир нече компанияга ээлик кылат. Анын курамына Казакстандын борбордук жана түштүк аймактарындагы байытуу фабрикалары, көмүр кендери жана жез эритүү заводдору кирет. 2020-жыл үчүн тапшырылган каржы отчётуна ылайык, компаниянын 70% миллиардер Владимир Кимге, 30% Эдуард Огайга таандык. Protenge долбоорунун маалыматына караганда, "Казахмыс" акыркы бир нече жылдын ичинде Нурсултан Назарбаев негиздеген коммерциялык эмес уюмдарга 79,4 миллиард теңге (172 миллион 205 миң доллар) которгон.

Кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик бирдиктүү санарип кадастрынын сайтындагы маалыматтарга ылайык, "Казахмыска" берилген объектинин жанында жайгашкан имарат "Демеу" аттуу жеке фондго таандык. Анын жалгыз негиздөөчүсү Нурсултан Назарбаев болуп эсептелет. Буга чейин бул мүлккө "Елбасы фонду" аркылуу ээлик кылып келген.

2022-жылы июлда "Азаттыктын" казак кызматы мурдагы президенттин үй-бүлөсүнүн мүлктөрү тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда журналисттер баш калаадагы жасалма аралдарга курулган хансарайлар "экс-президенттин балдарына", айрымдары кыздарына жана күйөө балдарына таандык экенин аныктап чыгышкан. Андан мурдараак редакция экс-президенттин үй-бүлөсү ээлик кылган Алматынын Бостандык районундагы хан сарайлар, чет өлкөлөрдөгү кымбат баалуу үйлөр, ошондой эле 100% мамлекеттин менчигинде болгон жер тилкелери менен кыймылсыз мүлктөрдү менчикке өткөрүп алуу схемалары жөнүндө материалдарды чыгарган.

XS
SM
MD
LG