Ссылки доступа

Орусия Макеевкадагы ракеталык чабуулдан өлгөндөрдүн саны 89га жеткенин билдирди


 HIMARS ракеталык орнотмосу (архив сүрөт)
HIMARS ракеталык орнотмосу (архив сүрөт)

Жаңы жылга караган түнү украин аскерлери ракеталык чабуул жасаган Донецк облусунун Макеевка аймагындагы орус аскер бөлүгүндө өлгөндөрдүн саны 89га жетти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Өлгөндөрдүн арасында – полктун командиринин орун басары, подполковник Бачурин да бар.

Өлгөн аскерлердин сөөгү имараттын темирбетон курамаларынын алдынан табылган. Орус куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сергей Севрюков чабуулга өздүк курамдын чөнтөк телефон менен жапырт колдонгону себеп болгонун, анын айынан аскерлердин турган жери аныкталып калганын айтты.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Коргоо министрлиги 63 аскери өлгөнүн кабарлаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдун мизин кайтаруу учурунда HIMARS комплексинин атуучу бөлүгү жабыркаганын кабарлады. Украина бул маалыматты азырынча ырастай элек.

Бул чабуул Макеевкадагы кесиптик техникалык окуу жайдын имаратына 1-январга караган түнү жасалган. Окуя болгон жерде тартылан видеолордон имарат толук кыйраганын көрүүгө болот.

Украин армиясынын стратегиялык коммуникациялар башкармалыгы өз телеграм-каналында 400дөй киши өлгөнүн, 300дөйү жаракат алганын билдирди.

Украин каналдары маркумдар Самара облусунан мобилизацияланганын билдирүүдө. Муну аймактын губернатору Дмитрий Азаров да тастыктады.

Бир кол салууда 90дой аскердин өлүмү - Орусия согуш башталгандан бери моюнга алган эң чоң жоготуу болуп саналат.

Орус армиясы Украина менен согуштагы жоготуулары тууралуу так маалымат бербейт. Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.

XS
SM
MD
LG