"Элчилик АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылып жаткандар адам сатуунун, каржы алдамчылыктарынын жана башка кылмыштардын курмандыгы болуп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып жатканын эскертет. Кошмо Штаттарга мыйзамсыз жолдор менен баруу – эч качан коопсуз болбойт", – деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.
Элчилик өзбекстандыктарды мыйзамсыз миграциянын тобокелчиликтери менен коркунучтарынан сактанып, АКШга баруунун мыйзамдуу жолдорун караштырууга чакырды.