Ссылки доступа

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысынан дагы сегиз бала жабыркады


Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жети,  Фергана облусунда бир бала индиялык "Док-1 Макс" дарысынан жабыркады.

"Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин Сырдарыя облусунда жети бала жабыркаганын облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Олтиной Эсанова билдирди.

Анын айтымында, алардын төртөө айыгып, ооруканадан чыкты, үчөө реанимация бөлүмүндө жатат.

Буга чейин УзА агенттиги Фергана облусунда үч жаштагы бала "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин ууланып, ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Ошол маалда анын абалы оор болгон.

Өзбекстанда 2022-жылдын аягында "Док-1 Макс” дарысын ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. Аталган препараттан уулуу этиленгликоль заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

Жыл башында Өзбекстандын жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов индиялык Quramax компаниясы чыгарган бардык препараттарды сатууну токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.

"Док-1 Макс" таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаган.

XS
SM
MD
LG