Ссылки доступа

Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнө $2,7 млн бөлүндү


Тажикстандын өкмөтү 2023-жыл үчүн өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын ишмердүүлүгүнө 27 миллион сомони (2,7 миллион доллар) бөлдү. Бул тууралуу Төмөнкү палатанын регламентин жана ишин уюштуруу боюнча комиссиянын башчысы Жамшед Муртазозода билдирди.

Анын айтымында, депутаттар бюджеттен бөлүнө турган каражатты эч талкуусуз эле бир добуштан жактырышты.

"Садом мардум" парламенттик гезитинин маалыматына караганда, Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасында 63 депутат жана 343 кызматкер бар.

2023-жылга парламенттин төмөнкү палатасынын чыгымдары үчүн бөлүнө турган каражат өткөн жылдагыга салыштырмалуу 6 миллион сомониге көп. Азырынча парламенттин жогорку палатасынын чыгымдары боюнча маалыматтар жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG