Ссылки доступа

ЖМК: Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору эркиндикке чыкты


Өзбекстандын 2019-жылы он жылга соттолгон мурдагы башкы прокурору Рашитжон Кадиров шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Kun.uz сайты өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Күн мурун "Эзгулик" укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахмон Ташанов аты-жөнүн атабастан эле "мурдагы прокурорлордун бири абактан чыкканын" жазган. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов Daryo басылмасына аларда бул боюнча маалымат жок экенин билдирсе, Ички иштер министрлигинин өкүлү Шохрух Гиясов бул маселе соттун карамаганда экенин айткан.

Рашитжон Кадиров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 2000-2015-жылдар аралыгында жетектеп, кийин (2015-2017) Конституциялык соттун судьясы кызматында иштеген. Ага кылмыш иши козголуп, иштен алынганы тууралуу 2018-жылы февралда кабарланган.

Рашитжон Кадировго чыккан сот өкүмүнө ылайык, ал башкы прокурор болуп турганда прокуратура жана башка укук коргоо органдарында жогорку кызматтарда иштеген адамдардын тобу менен кутумга барып, бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган.

Кадировго тагылган айыптардын арасында пара алуу, пара талап кылуу, алдамчылык, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн атайылап качуу, тергөөгө жана сот иштерине кийлигишүү, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу айыптары болгон. Жогорку соттун билдирүүсүндө мурдагы башкы прокурор мындан тышкары мамлекеттик органдардын, акимчиликтердин жана коомдук бирикмелердин иштөө тартибине каршы башка да кылмыштарга барганы жазылган.

Кадировдун иши боюнча соттук териштирүүлөр жабык өтүп, дээрлик алты айга созулган. Бул аралыкта 200гө жакын күбө суралган.

Сот мурдагы башкы прокурорду он жылга эркинен ажыратуудан тышкары 500 минималдык айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирип, аны атайын наамдары менен мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан.

Өзбекстандын Кадировдон кийин иштеген дагы эки башкы прокурору – Ихтиёр Абдуллаев (2015−2018) менен Отабек Муродов (2018−2019) да узак мөөнөттөргө соттолгон.

XS
SM
MD
LG