Сот аны "алдамчылыкка", "далилдерди жасалмалоого" жана "мамлекеттик каражатты орунсуз коротууга" күнөөлүү деп тапты. Соттолуучу буга чейин өзүнө тагылган айыптардын баарын четке каккан.
"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, сот Азиза Хайдарованын иши боюнча өкүмдү 26-декабрда эле чыгарган. "Хайдаровага "жазаны жеңилдетүүчү жагдайларды" эске алуу менен өкүм чыгарылды. Айыптоо тарап аны 14 жылга эркинен ажыратууну өтүнүп жаткан", – деп кошумчалады булак.
Азиза Хайдарованын жакындары сот өкүмү адилетсиз экенин айтып, ал боюнча жогорку баскычтагы сотторго кайрыла тургандыктарын билдиришти.
23 жаштагы Хайдарова былтыр 10-июнда Хоженттеги турак жай сатуу-сатып алуу ишиндеги алдамчылыкка айыпталып кармалган. Кийинчерээк ага дагы эки айып тагылган – "мамлекеттик каражатты орунсуз коротуу" жана "далилдерди жасалмалоо".
Тергөө иштери жүрүп жатканда айыпталуучунун апасы Барно Хайдарова кызы эч кандай мыйзамсыз иш жасабаганын билдирген. Анын айтымында, тергөөчүлөр Азизаны мурдагы жетекчиси – судья Рустам Сайдахмадзодага каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Судья өзү 2022-жылы 29-июнда кармалып, тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынган.
ЖМКлар Рустам Саидахмадзода тууралуу ал чуулгандуу иш боюнча актоо өкүмүн чыгарып, айыпталуучуну сот залынан бошоткондон кийин жаза башташкан. Адатта Тажикстанда соттор актоо өкүмүн сейрек чыгарышат жана кылмыш иштеринде айыптоо тарапты колдошот.
Тажикстанда бардыгы болуп 450 судья иштейт. Өлкөдө судьяларды президент дайындайт жана бошотот.