Ссылки доступа

Казакстандын башкы прокурору: Январь окуяларын уюштурууга бир жыл бою даярдык көрүлгөн


Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов парламенттин 5-январдагы пленардык жыйынында Январь окуяларын уюштурууга бир жыл бою даярдык көрүлгөнүн билдирди.

"Радикалдык аракеттер үчүн аткаруучуларды даярдоо иштери 2021-жылдын башынан бери жашыруун түрдө жүргөн. Аткаруучулардын катарында уюшкан кылмыштуу топтор да болгон. Алар адамдарды топтоп, курал-жарак, рация жана транспортторду сатып алышкан", – деди Асылов.

Анын айтымында, айрым күч түзүм кызматкерлери бул даярдыкка колдоо көрсөтүп турушкан. "Тергөөнүн версиясына ылайык, Алматыда Арман Жумагелдиевге (Дикий Арман) өзгөчө роль берилген. Ал Улуттук коопсуздук комитетиндеги куратору менен түздөн-түз иштешкени аныкталды", – деди Асылов.

Башкы прокурордун айтымында, криминал авторитети Арман Жумагелдиев башаламандыктарды уюштуруп, топтолгон адамдарды өз көзөмөлүнө алып, бийликке бирдиктүү ультиматум түрүндөгү талаптарды коюу үчүн "элдик кеңеш" түзүшү керек болчу. Бул иштерде ага Алматы шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Махатов жигердүү колдоо көрсөтүшкөн. Махатов уюшкандык менен Алматыдагы "Казакстан" мейманканасынын алдына топтолгон адамдарга курал-жарак тараткан.

"Бирок алар адамдарды башкара алган эмес. Чогулгандар алардын артынан барбай койгон", –деди башкы прокурор.

37 жаштагы Арман Жумагелдиев 2022-жылы 7-январда кармалган. Ага "жапырт башаламандыктарды уюштуруу", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо", "кылмыштуу топ түзүү жана аны башкаруу" айыптары тагылган. Мындан тышкары ал Алматыдагы башаламандыктар маалында "көчөдө өтүп бараткан 24 адамды" уурдап кеткен деп айыпталган. Жумагелдиевдин адвокаты ал бардык айыптарды четке кагып жатканын билдирген. Учурда Арман Жумагелдиев тергөө абагында камакта отурат.

Асылов "өлкө жетекчилигин кызматтан кетирүү операциясы кылдаттык менен пландалганын, ал мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгонун" айтып, бул иштерге Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчилигинин тиешеси болгонун белгиледи.

"5-январда Карим Масимов менен анын орун басары Улуттук коопсуздук комитетинин Алматы, Кызылордо шаарларындагы жана Алматы облусундагы имараттарын таштап кетүү буйругун беришкен. Мындан тышкары Алматы жана Жамбыл облустарындагы полиция имараттары да бош калып, ал жерлерден 3 миңге жакын курал-жарак уурдалган. Алардын көбү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Масимовдун дагы бир орун басары Осиповго жана башка кызмат адамдарына "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренеси менен айыптар тагылган. Мындан башка маалыматтарды айта албайм, бул кутумдун деталдарын айтууга укугум жок", – деди Асылов.

Башкы прокурор мындан тышкары өлкөнүн ошол кездеги коргоо министри Мурат Бектанов "мыйзамсыз буйруктарды берип, өлкөдө тартип орнотуу боюнча чараларды көрбөгөнүн" кошумчалады.

Буга чейин башкы прокурор мажилис жыйынында сүйлөп жатып, Январь окуялары маалында президент Касым-Жомарт Токаев "эскертүүсүз ок атууга" буйрук бергенге чейин эле күч органдары чогулгандарга ок чыгарганын айткан.

XS
SM
MD
LG