Мекеменин маалыматына караганда, эң кымбат "кооз" номур 348 миллион сумга (31 миң доллар), эң арзаны 494 миң сумга (44 доллар) сатылган.
Сатыкка чыккан номурлардын орточо баасы 2,6 миллион сумду (230 доллар) түзгөн. Алардын 91% жеке жактар, 9% юридикалык жактар сатып алган.
2021-жылы Республикалык товар жана чийки зат биржасынын сайты аркылуу 298,8 миллиард сумга (26,5 миллион доллар) 139 400 автоунаа номуру сатылган.
Номурларды сатуудан түшкөн кирешенин 80% мамлекеттик бюджетке, калган 20% Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү фондуна которулат.