Ссылки доступа

Ооганстандын түндүгүндө "Абу Умар" деген ат менен таанымал тажик талиби мерт болду


Ооганстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Бадахшан провинциясында “Талибандын” жоочусу, “Абу Умар” каймана аты менен белгилүү тажик жараны өлгөнүн маалымдашты.

Ал мина коюу боюнча тажрыйбалуу адис жана “Талибан” радикалдуу кыймылынын чет элдик жаш жоочуларынын насаатчысы болгону айтылды.

Маалыматтарга караганда, “Абу Умар” үч күн мурун Бадахшан провинциясынын Бахорак уездинде дайынсыз жоголгон. Сөөгү 4-январда аталган аймактагы айылдардын биринде табылган. “Абу Умардын” кантип жана ким тарабынан өлтүрүлгөнү азырынча белгисиз. "Хашт-е собх" гезити анын Ооганстандын түндүк райондорунда тутанган согуш учурунда өкмөттүк аскерлер менен техниканы жок кылууда “маанилүү роль” аткарганын жазды.

Ал Тажикстандын Хатлон облусунда туулган.

“Озоди” радиосунун өз булактарынын биринин айтымыда, “Абу Умар” 2022-жылы 9-декабрда эле өлтүрүлгөн, бирок бул тууралуу азыр гана маалым болду.

Ушул тапта ондогон “тажик талибдерди” Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бахорак, Шугнан жана Нусай уездеринде жүрүшөт. Алардын бири Мухаммад Шарифов терроризмге айыпталып, тогуз жылдан бери издөөдө. Ал Ооганстандын түндүгүндө “Талибандын” чек ара бөлүгүн жетектейт.

XS
SM
MD
LG