Ссылки доступа

Өзбекстанда жогорку окуу жайлар менен мектептерде каникул узартылды


Өзбекстанда мектеп, лицей жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн кышкы каникул 17-январга чейин узартылды.

Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министрлиги билдирди.

Кышкы эс алуу 9-январга чейин белгиленген. Бирок 10-15-январда катуу суук болору күтүлүп жатканына байланыштуу каникул узартылды.

Өлкөнүн бала бакчаларында 10-18-январь аралыгында кезектен тыш дем алыш жарыяланды.

XS
SM
MD
LG