Ссылки доступа

Январь окуясы: Окко учкан төрт жашар Айкөркемдин иши жабылып, "купуя" катары таанылды


Январь окуялары учурунда окко учкан төрт жашар Айкөркем Мелдехандын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу анын атасы Айдос Мелдехан билдирди.

Анын айтымында, тергөө органдары ишти "кылмыштын курамы болбогондуктан" улам токтотушкан.

"Бул уят го, сөзүм жок. Кызымды өлтүргөндөрдү табуунун ордуна ишти токтотушту, ага кошумча аны "купуя" катары жаап коюшту. Эми иштин материалдарын да көрө албай калдык. Эмне кылуу керектигин да билбей калдым, угар замат тилкат жазып ооруканадан бүгүн чыктым", - деди 6-январда Мелдехан.

Буга чейин Айдос Мелдехан ооруканага жатып, бөйрөгүн алдырган.

Казакстан ИИМинин Түштүк аймактык аскердик-тергөө башкармалыгы Айдос Мелдеханга жөнөткөн катында "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча козголгон иш 2022-жылы 28-декабрда "Курал колдонуп, ыйгарым укугунан аша чабуу" беренесине которулганын жазган. Эки күндөн кийин, 30-декабрда иш токтотулуп, "купуя" документ деп таанылган. Эми купуя документтер менен таанышуу үчүн Алматынын Улуттук коопсуздук кызматы департаментинен атайын уруксат алуу керек.

Жабырлануучунун адвокаты Рафик Бейсебеков ишти жабуу чечими боюнча даттанарын билдирди.

"Тергөө органы иште "кылмыштын курамы жок" дейт. Башкача айтканда, Айкөркемди атуу кылмыш эмес экен. Куралды мыйзамдуу негизде колдонушкан имиш. Арийне, биз арызданабыз", - деди Рафик Бейсебеков.

Айкөркем Мелдехандын үй-бүлөсүнүн машинеси 7-январда – алар шаардык акимчиликке жакындаган маалда аткыланган. Ок Айкөркемдин башына тийип, кыз ошол жерде жан берген. Унаада агалары менен эжеси да болуп, эжеси жаракат алган. Маркумдун атасы Айдос Мелдехан машинесине 20 жолу ок тийгенин билдирген. Ал баллистикалык экспертиза бул куралды аскерлер колдонорун аныктаганын айткан.

Айкөркем өлгөн күнү – 7-январда президент Касым-Жомарт Токаев армияга эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берген.

Январь окуяларынан кийин президент Токаев бийлигин бекемдей алды. Айкөркемдин атасы кызынын өлүмү үчүн президент жооптуу экенин, ал адилеттикти талап кылууну эч качан токтотпой турганын айткан.

Айдос Мелдехан буга чейин тергөө алдыга жылбай жатканын, анын үй-бүлөсү коркутуп-үркүтүүгө кабылганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG