Ссылки доступа

УКМК: аксакалдар кеңешинин арызы менен Кочкордо кримтоптун мүчөсү кармалды


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районунда Аксакалдар кеңешинин арызынын негизинде, жерди мыйзамсыз басып алууга шек саналган уюшкан кылмыш тобунун А.Ы.А аттуу бир мүчөсү кармалганын билдирди.


"Райондук аксакалдар кеңешинин жамааттык арызынан улам козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 гектардан ашык жерди жеке жактарга кайра сатуу максатында өзүм билемдик менен ээлеп алган А.Ы.А. кармалды. Ал аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн күч колдонуп коркуткан. Ошондой эле, 2022-жылы декабрда Кочкор милициясынын колго алуу менен жергиликтүү кафелердин биринин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысына байланыштуу кармалган Ш.Н.О. уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Былтыр 24-декабрда атайын кызмат Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Көп өтпөй үч милиция кызматкери бошотулган.

Бул окуяга байланыштуу Нарын облустук милицияснын башчысы Алмаз Жумабеков иштен алынган жана жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылган.

УКМКнын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери шек саналып жаткан иш былтыр 7-ноябрда болгон. Ал кезде "кылмыштуу топтун сөз болгон мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирине барып, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылганы, эсепти төлөөдөн орой баш тартышып, натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалганы айтылат маалыматта.

УКМК көп өтпөй укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтык милдетин так аткарууга чакырган жана кызматына шалаакылык менен мамиле кылгандарга мыйзамда жаза каралганы эскерткен.

XS
SM
MD
LG