Ссылки доступа

Тажикстанда "керектөөчүлөрдү адаштырган" жарнамаларга тыюу салынды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Жарнама тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, эгер жарнамада "чындыкка дал келбеген маалыматтар болуп, жарнамаланып жаткан товарлар менен кызматтар "ашыкча кооздолуп" же бурмаланса, ал "керектөөчүлөрдү адаштырган жарнама" деп табылып, андай жарнамага тыюу салынат.

Бийлик мыйзамга өзгөртүүлөр жарнама тармагындагы мамилелерди жөнгө салуу, анын ичинде керектөөчүлөрдү адаштырган маалыматтардан коргоо максатында киргизилгенин билдирүүдө.

Тажикстанда компаниялар менен ишканалар негизинен товарларын мамлекеттик телеканалдар же социалдык түйүндөр аркылуу жарнамалайт.

Көпчүлүк тургундардын айтымында, бүгүнкү күндө телеканалдарда "чындыкка дал келбеген маалыматтар менен" ондогон дары-дармек жарнамаланууда. Мындан тышкары мобилдик операторлор товарлар менен кызматтарды жарнамалап, абоненттерине СМС-билдирүүлөрдү жөнөтүп турушат.

Үч жыл мурда эксперттер изилдөө жүргүзүп, Тажикстандагы компаниялар менен ишканалар жарнамага жылына 10 миллион доллардан ашык каражат корото турганын билдиришкен. Өлкөдө жарнаманын көбү мамлекеттик ЖМКларга чыгат.

Тажикстанда "Жарнама тууралуу" мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Андан бери ага бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG