Ссылки доступа

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин өлгөндөрдүн саны 20га жетти


Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиробун ичкен балдардын дагы бири чарчап калганы белгилүү болду. Наманган облустук саламаттык сактоо башкармалыгы бул маалыматты 18 күндөн кийин тастыктады.

7-январда Kompromatuzb Telegram-каналы Наманган облусунун Үчкурган районунда үч жашар бала өлгөнүн жазган. Ошол эле күнү облустук саламаттык сактоо башкармалыгы бейтап 15-декабрда пневмониянын оор түрү менен ооруканага түшкөнүн ырастады. 21-декбарда ал Тез жардам көрсөтүү боюнча республикалык илимий борбордун Наманган филиалында чарчап калган.

"Республика боюнча "Док-1 Макс" препаратынын терс таасиринен маселе жаралып жатканы жарыялангандан кийин наристенин апасынын айтуусу боюнча ал да "Док-1 Макс" дарысын ичкени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Соңку маалыматтар боюнча Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган дарыдан өлгөн балдардын саны 20га жетти.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат. Өзбекстандагы балдардын өлүмүнөн кийин компания "Док-1 Макс" дарысын чыгарууну токтоткон.

Видео

XS
SM
MD
LG