Ссылки доступа

ЖМК: Казакстандан Орусияга автоунаа алып кирүү 56 эсеге өстү


Казакстандан Орусиянын Тюмень облусуна автоунааларды алып кирүү 56 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу "РБК Тюмень" басылмасы аймактык бажы бөлүмүнө шилтеме кылып кабарлады.

"2022-жылы Тюмень жана Тобыл бажы бекеттеринин кызматкерлери Казакстандан алынып келинген 668 транспорт каражатына утилизациялык төлөм алышкан. 2021-жылы бул бекет аркылуу 12 гана автоунаа киргизилген", – деп билдиришкен Тюмень бажысынан.

"Дина" холдинг компаниясынын башкы директору Иван Михайловдун айтымында, учурда Орусиянын автоунаа базарындагы абал туруктуу оор бойдон калууда – популярдуу европалык жана жапониялык автоунааларды расмий түрдө алып келүү жакынкы айларда же жылдарда кайра калыбына келиши күмөн болуп турат.

"Азырынча юридикалык жактар үчүн параллелдүү импорт иштеген жок. Чынын айтсам, салыштырмалуу түрдө аз гана автоунаа кирип жатат. Болгондо да заводдун кепилдиги жок, жеке тараптар алып келүүдө. Бул көбүнчө экономикалык эмес, бюрократиялык себептерден улам болуп жатат", – деди Михайлов.

Украинага кол салганы үчүн антиорусиялык санкциялар киргизилгенден кийин Казакстандан Орусияга түрдүү товарлардын экспорту кыйла көбөйгөнү байкалууда.

2022-жылы декабрда Казакстандан Орусияга экспорттун көлөмү бир жылда 15,1% өскөнү кабарланган. Баарынан да металл жана андан жасалган буюмдар (1,5 миллиард долларга), минералдык азыктар (1,4 миллиард долларга), химиялык өнөр жай продукциялары, жабдуулар жана айыл чарба азыктары (349 миллион долларга) көп экспорттолгон.

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында Казакстан менен Орусиянын ортосундагы товар алмашуу көлөмү 18,4 миллиард долларды түзгөн. Бул 2021-жылдагыга салыштырмалуу 5% көп.

Видео

XS
SM
MD
LG