Ссылки доступа

Өзбекстан менен Кытай аба каттамдарын жандандырууда


Дээрлик үч жылдан кийин Өзбекстан менен Кытай ырааттуу авиакаттамдарды жандандырууда. 10-январда Uzbekistan Airways компаниясына таандык учак Ташкенттен Бээжинге учат. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Кытайга баруу үчүн жүргүнчүлөргө ПЧР-тест (мөөнөтү 48 саат) жана виза керек.

Uzbekistan Airways компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, билеттин баасы 6,7 млн сумдан (600 доллардын тегереги) башталат. Кийинки каттам 17-январга пландалган. Ай соңуна чейин учактар жумасына бир жолу – шейшембиде учат. Февралдан тарта каттамдар жумасына эки жолу аткарыла баштайт.

Өзбекстан менен Кытай ырааттуу аба байланышынын 2020-жылы февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоткон.

XS
SM
MD
LG