Ссылки доступа

Алматыда активистке күч колдонгон полициячыны жазалоону талап кылышты (видео)


9-январда Алматыда активисттер тобу Ноорузбай районундагы полиция бөлүмүнө барып, активист Назым Табылдиевага күч көрөткөн полиция кызматкерин жазалоону талап кылды.

6-январда активист Табалдиеваны жарандык кийимчен кишилер көчөдө кетип бараткан жерден кармашып, Ноорузбай райондук полиция бөлүмүнө жеткиришкени кабарланган.

Полиция бөлүмүнүн алдында чогулгандар тартип сакчысы активистке кысым көрсөткөнүн, митинг алдында аны мыйзамсыз карап кеткенин айтышты. Алар Табалдиеваны кармаган полиция кызматкерине чара көрүүнү, активисттерди куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

— Полиция кызматкерлеринин аракети мыйзамсыз экенин далилдей алсак, бул коомду өзгөртүүгө жасалган дагы бир кадам болот. Бул жерде жалгыз Назымдын аты аталганы менен, бул сыяктуу көрүнүштөр Казакстандын башка аймактарында да болуп турат, — деди активистти колдоого келген акын Ринат Зайытов.

Назым Табылдиева шаардык прокуратурага жана полиция башкармалыгына өзүнө күч көрсөткөн кишиге каршы арыз жазды.

- Алар өздөрүн тааныштырбастан, колумду кармашып, телефонумду тартып алмакчы болушту. Эки киши күч менен мени машинеге отургузушту. Мен телефонумду колумдан чыгарган жокмун, мындан соң алар мени муунтуп башташты. Менде зоб бар. Ошондуктан үнүмдү катуу чыгарсам, аба жетпей кыйналам, — деди ал.

Ноорузбай райондук полиция бөлүмү активистти кармаган кызматкерге карата текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Табылдиева полиция бөлүмүндө беш саат кармалган. Ага эмне себептен кармалганын түшүндүрүшкөн эмес.

Казакстандын бир нече шаарларында 7-январга белгиленген аза күтүү акциясын утурлай оппозиция активисттери кармалган. Активисттер бул күнү Январь окуясы учурунда өлгөндөрдү эскерип, куран окууну гана пландашканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG