Түркиянын укук коргоо органдары билдиргендей, кармалган эки киши "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун мүчөлөрү жана ИМ тобунун көрсөтмөсү менен 31-декабрда Стамбулда теракт жасоону пландашкан. Алар Жаңы жыл түнү Башакшехир районунда жүргүзүлгөн атайын операцияда кармалган.
Маалыматтарга караганда, учурда Өзбекстандын жаранын мекенине депортациялоо жараяны башталды. Ал жардыруучу заттар боюнча адис экени айтылууда.
2017-жылдын 1-январына караган түнү өзбекстандык Абдулкадир Машарипов аттуу жаран Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кирип барып, адамдарды автомат менен аткылаган. Анда 39 киши өлүп, 70ке жакын адам жаракат алган. 2020-жылдын сентябрында Машарипов 40 жылга эркинен ажыратылган.