Ссылки доступа

Казакстанда Антикоррупциялык кызматтын төрагасынын орун басары кармалды


Казакстандын атайын кызматы өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин төрагасынын мурдагы орун басары Максат Кожабаев кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, Кожабаев 9-январда коррупциялык мыйзам бузууларга шектелип кармалды. Мекеме тергөөнүн кызыкчылыктарын жүйөө келтирип, иштин чоо-жайын айткан жок.

Максат Кожабаев Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин төрагасынын орун басарлыгына 2021-жылы июлда дайындалган. Былтыр апрелде бул кызматтан бошотулган. Ага чейин бир нече жыл Чымкент шаарынын прокурору, Жамбыл облусунун прокурорунун орун басары кызматтарында иштеген.

Январь окуясынан кийин Казакстандын бийлиги активдерди кайтаруу жана экономиканын түрдүү тармактарын демонополдоштуруу чаралары жөнүндө билдирип келет. Айрым эксперттер бул чаралардын алкагында мүлк бөлүштүрүү башталганын билдирүүдө. Январь окуяларынан кийин бир катар аткаминерлердин кызматтан алынышы жана камалышы азыркы президент менен мурдагы президенттин ортосундагы таасир талаш экени айтылган. Бирок экөө тең ортодо эч кандай тиреш жоктунун билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG