Ссылки доступа

Тажикстанда ун арзандап, жумуртка кымбаттады


БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматына караганда, Тажикстан базарларында ундун баасы өткөн жумага салыштырмалуу үч пайызга төмөндөдү.

Уюм ундун арзандашына чет өлкөлөрдөн импорттун көбөйгөнү себеп болду деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө Тажикстан базарларында биринчи сорттогу бир кап ун 280-320 (28-32 доллар) сомониден сатылууда.

Эң көп сатылган азык-түлүк товарларынын бааларындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун индекси БУУнун сайтына 8-январда жарыяланган. Анда Тажикстандагы бааларды аныктоо үчүн өлкөнүн сегиз базарындагы маалыматтар топтолгону белгиленген.

Индекске ылайык, өткөн жумадан бери Тажикстанда өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы дээрлик өзгөргөн эмес. Ошол эле маалда жумуртканын орточо баасы бир апта ичинде 2% жогорулаган. Бул бир ай мурдагы бааларга салыштырмалуу 1% аз болсо, өткөн жылдагы орточо баага салыштырганда 33% көп.

XS
SM
MD
LG