Ссылки доступа

Өзбекстанда калың кардан улам ондогон каттам аткарылбай калды


Начар аба ырайына байланыштуу Өзбекстандын айрым аэропортторунда аба каттамдары аткарылбай калды. Айрым учактардын учуу убактысы жылдырылса, калгандары башка аэропортторго которулду. Бул тууралуу Uzbekistan Airports компаниясы кабарлады.

Түндө Flydubai авиакомпаниясынын FDB769 каттамы Самарканддагы тумандан улам Навоиге конду. Таңга маал саат 5:04тө учак кайра Самаркандга учуп кетти.

Самарканд аэропортунда учуу-конуу тилкеси кардан тазаланып жатканына байланыштуу учактарды кабыл алууга чектөө киргизилди.

Буга чейин Өзбекстанда 10-15-январда катуу суук болуп, түнкүсүн температура -12-17 градус, түндүктө -17-22 градус, Үстирт аймагында 25-27 градус суук болору божомолдонгон.

Чилдеде кишилерге тышта көп убакыт болбоо, балдарга жана карыган кишилерге көчөгө чыкпоо сунушталган.

XS
SM
MD
LG