Ссылки доступа

БУУ Иранды өлүм жазасын колдонуу тажрыйбасын токтотууга чакырды


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кезектеги жолу Иранды нааразылык акцияларга катышкандарды өлүм жазасына тартуу тажрыйбасын токтотууга чакырды.

БУУнун Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча башкармалыгы Ирандагы нааразылыктар учурунда кармалган Мохаммад Гобадлу менен Мохаммад Боруганинин дарга асылары тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирди. Маалыматтарга караганда, аларды өлүм жазасына тартуу өкүмү жакынкы күндөрү ишке ашырылат. БУУ өз кайрылуусунда Ирандын бийлигин мындай тажрыйбаны тез арада токтотууга чакырды.

БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик өлүм жазасы адамдын жашоого болгон укугуна түп-тамырынан бери каршы келерин билдирди. "Биз өлүм жазасынын колдонулушуна каршыбыз. БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгындагы кесиптештерибиз сыяктуу эле биз да Ирандын бийлигин дарга асууларды токтотууга чакырабыз", – деди ал.

Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Олаф Шольц иран бийлиги өлүм жазасын "репрессиялардын куралы катары колдонуп жатканын" айтып, Тегеранды акция катышуучуларын дарга асуу тажрыйбасын тез арада токтотууга чакырды. Мындан тышкары ал Тегеранды өкмөткө каршы акциялар учурунда негизсиз кармалгандардын баарын токтоосуз бошотууга үндөдү.

Ал арада Германиянын, Франциянын жана Улуу Британиянын Тышкы иштер министрликтери акция катышуучуларынын өлүм жазасына тартылганына байланыштуу иран элчилерин чакырышты.

Түшүндүрмө үчүн Ирандын элчисин чакырган Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок митинг катышуучуларынын өлүм жазасына тартылышын айыптады. "Калкты коркутуу үчүн өз жаштарын өлтүрүп жаткан режимдин келечеги жок", – деди Бербок.

Канаданын бийлиги да Ирандагы дарга асуу көрүнүштөрүн айыптап, адам укуктарын бузганы үчүн бул өлкөнүн эки жаранын жана үч юридикалык жакты санкциялык тизмесине киргизди.

"Фарда" радиосунун маалыматына караганда, учурда Германия баштаган Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр иран бийлигинин өз элине карата агрессивдүү мамилесинен улам Тегеранга каршы төрт пакеттен турган санкцияларды кабыл алуу жана аны ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ирандын бийлиги алгачкы өлүм жазасын өкмөткө каршы акциялардын катышуучусу Мохсен Шекариге карата өткөн жылы ноябрдын ортосунда чыгарган. Ал бычак менен коопсуздук кызматынын офицерине кол салууга жана Тегерандын көчөлөрүн тосууга күнөөлүү деп табылып, дарга асылган.

2022-жылдын 12-декабрында нааразылык акцияларына катышкан 23 жаштагы Мажид Реза Рахнавардга карата чыккан өлүм жазасы ишке ашырылып, ал Мешхед шаарында элдин көзүнчө дарга асылган. Ага нааразылыктарды токтотууга катышып жаткан ыктыярчы отряддын эки мүчөсүн өлтүргөндөн кийин "Кудайга каршы согуш жүргүзүү" айыбы тагылган.

Иранда жапырт нааразылык акциялар 2022-жылы 16-сентябрда башталган. Ага 22 жаштагы студент кыз Махса Амининин адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийинки өлүмү себеп болгон. Акция катышуучулары кыздын өлүмүнө полиция кызматкерлерин айыптап жатышат.

Махса Амининин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп жазып чыккан журналисттер Нилуфар Хамеди менен Элаэ Мохаммади өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени кабарланууда. Иран бийлиги аларды мамлекеттке чыккынчылык кылууга жана АКШнын атайын кызматтарына иштөөгө айыптаган.

Иран бийлиги өлкөдө болуп жаткан окуялардын дүйнөлүк басылмаларга чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө аракет кылууда. Нааразылыктар башталгандан бери өлкөдө 40тан ашык журналист камакка алынды. Эркиндикте жүргөн ЖМК өкүлдөрү телефондору тыңшалып, аңдуулар болуп жатканына даттанууда.

Иранда сентябрдан бери тартип коргоочулардын колунан 500дөй киши, анын ичинде 62 бала каза таап, миңдеген демонстрант кармалды.

XS
SM
MD
LG