Ссылки доступа

Тажикстан Орусияны адам өлтүрүүгө айыпталган тажик мигрантынын ишин объективдүү тергөөгө чакырды


Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро орусиялык кесиптешине кайрылып, Мытищи шаарында ашпозчуну өлтүрүүгө айыпталып жаткан тажик жаранынын ишин объективдүү тергөөнү өтүндү.

4-январда Орусиянын Мытищи шаардык соту өзү иштеген кафенин ашпозчусун өлтүрүүгө айыпталган Тажикстандын 36 жаштагы жараны Сайор Дусаеваны камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал "Хинкальная Тбилисо" кафесиндеги жаңжалда ашкана бычагы менен кесиптешин төшкө бир нече жолу сайып өлтүргөн.

Кафе кызматкерлеринин айтымында, жаңжалдын чыгышына ашпозчунун жакында эле турмушка чыккан Сайордун дарегине айткан ыксыз тамашасы себеп болгон.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Орусияга жөнөткөн катында "ашпозчу Сайор Дусаеваны катуу сабап, кемсинтип, анын ар-намысына шек келтиргени, мындан улам Дусаева өзүн коргоо үчүн бычак колдонууга аргасыз болгону" жазылган.

Окуядан көп өтпөй соцтармактарга ашкананын кызматтык бөлмөсүндөгү видеокамерага тартылган тасма жарыяланган. Анда ашпозчу Дусаеваны чачынан кармап, сабап жатканын көрүүгө болот. Ошол маалда аял ашпозчуну бычак менен төшкө сайган.

Бул видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Айрым тажикстандык интернет колдонуучулар аялдын аракетин "адам өлтүрүү" катары эмес, өзүн коргоо аракет катары кароо керектигин жазышты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда иштеп жүргөн 1 миллион тажикстандык мигранттын 80 миңден ашыгын аялдар түзөт. Тажик аялдарынын Орусиядагы иштөө шарттары оор экени айтылып келет.

Видео

XS
SM
MD
LG