"Газета.уз" басылмасы кабарлагандай, 19-23-декабрдагы отурумдарда 115 күбө, анын ичинде Нукус окуялары боюнча өзүнчө козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан камактагы 39 айыпталуучу суралган. Андан соң дагы 180 кишинин көрсөтмөсү угулуп, 2023-жылдын 4-январына чейин тыныгуу жарыяланган. Ал күнү дагы 17 күбө, беш жабырлануучу жана доо арыз жазган бир жарандык адам сурак берген. 5-январда 38 күбөнүн жана бир жарандык жабырлануучунун көрсөтмөсү угулган.
6-январда соттук коллегия жапырт башаламандыктар учурунда тартылган видеоматериалдар менен таанышууну баштаган. Алар далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.
7-январда Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы, июль окуялары маалында республиканын ички иштер министри болуп турган Аманбай Орынбаев көрсөтмө берген. Ал отурумга жабырлануучу катары катышып, соттон мыйзамдын алкагында соттолуучулардын жазасын жумшартууну өтүнгөн.
9-январда сот видеоматериалдар менен таанышуусун улантып, доо арыз жазган жарандык бир адам менен эки күбөнүн көрсөтмөсүн укту. 10-январда тараптар жазуу жүзүндөгү далилдерди, эксперттердин корутундуларын жана кылмыш иши боюнча тергөө аракеттеринин протоколдорун талкуулады.
11-январга белгиленген кийинки отурумда тараптардын жарыш сөзү угулат. Эгер анын жүрүшүндө жаңы жагдайлар жаралбаса, сот өкүм чыгарышы керек.