Ссылки доступа

Тажикстанда 15-февралдан кийин 800 миң SIM-карта өчүрүлүшү мүмкүн


Тажикстанда SIM-карталарды 2014-жылкы үлгүдөгү ID-паспортторго кайрадан каттатуу мөөнөтү 15-февралда аяктайт. Ага чейин катталбаган номурлар өчүрүлөт.

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Байланыш кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө мобилдик байланыш операторлорунун 2 миллионго жакын колдонуучусу SIM-карталарын ID-паспортторго каттата элек. Алардын ичинен 800 миң номур активдүү пайдаланууда. "Эгер абоненттер SIM-карталарын белгиленген мөөнөткө чейин кайра каттоодон өткөрбөсө, анда алардын номурлары өчүрүлөт", – деп билдиришти мекемеден.

Тажикстанда жаңы үлгүдөгү ID-карталар жарандарга 2014-жылдан тарта бериле баштаган. 2019-жылы бийлик 1999-жылкы үлгүдөгү паспорттор SIM-карталарды каттоодон өткөрүүгө жарабай турганын билдирип, жарандарды 2020-жылдын 15-февралына чейин номурларын кайрадан каттоого чакырган. Бирок андан бери бул мөөнөт эки жолу узартылган – алгач 2022-жылдын 15-февралына, кийин 2023-жылдын 15-февралына чейин.

Байланыш кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө мобилдик операторлордун 8 миллиондон ашык абоненти болсо, бүгүнкү күндө алардын 6 миллиону активдүү колдонуучу болуп эсептелет.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2023-жылдын башына карата өлкөдө 3 миллион 900 миң жаран 2014-жылкы үлгүдөгү паспортторду алган.

XS
SM
MD
LG