Ссылки доступа

Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү келишимин узартты


"Барки Точик" мамлекеттик энергохолдинги менен Da Afghanistan Breshna Sherkat —DABS - "Брешна" энергетикалык компаниясы Тажикстандан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү жөнүндө келишимди узартты.

Бул тууралуу Талибан өкмөтүнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эки компания электр кубатын импорттоо боюнча келишимди 2023-жылдын аягына чейин узартты.

Ошол эле маалда Тажикстан 2023-жылы канча көлөмдө электр кубатын экспорттой турганы айтылган жок. Өткөн жылы "Брешна" компаниясынын өкүлдөрү Тажикстандан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү эки эсеге көбөйгөнүн маалымдашкан.

2022-жылдын алгачкы алты айында Тажикстан Ооганстанга 734 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Ооганстанга электр энергиясы негизинен май айынан сентябрга чейин жеткирилет. Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине карата 276 млн кВт/саатка көбүрөөк. Кабул үчүн бир киловатт электр кубатынын наркы 4,5 центти түзөрү айтылган. Ооганстандын 9 провинциясы Тажикстандан жеткирилген электр жарыгын пайдаланат.

Электр энергиясын жеткирүү боюнча Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы келишим Душанбе Талибанды инклюзивдүү өкмөт курбай жатканы үчүн сындап жаткан маалда узартылды. Тажикстан өкмөтү Кабулдун азыркы бийлиги менен эч кандай дипломатиялык байланышы жок экенин билдирип келет. Талибан былтыр Тажикстанды өлкөнүн ички ишине кийгилишпөөгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG