Ссылки доступа

Канада Украинага NASAMS абадан коргонуу системаларын сатып берет


Канада АКШдан орто аралыктагы абадан коргонуучу NASAMS зениттик-ракеталык комплексин сатып алып, Украинага берет. Бул тууралуу Канаданын коргоо министри Анита Ананд украин кесиптеши Алексей Резников менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди.

Ананддын айтымында, бул зениттик система Украинанын калктуу конуштары менен маанилүү инфраструктуралык объектилерин учкучсуз учуучу аппараттардан, ракеталардан жана аба соккуларынан коргойт.

"NASAMS таамай тийүүсү боюнча өтө жогорку коэффициентке ээ. Бул Украинанын коргонуу тармагы үчүн баалуу салым болот", – деди Ананд.

Украинанын президенттик кеңсесинин башчысы Андрей Ермак telegram-каналына бул өтө жакшы жаңылык экенин жазды. "Биздин аба калканыбызга салынган инвестиция — бул Европанын коопсуздугуна салым кошуу. Союздаштарган рахмат", – деп жазды Ермак.

Жылып жүрүүчү NASAMS зениттик-ракеталык комплекси кандай гана аба ырайы болбосун кичи жана орто бийиктиктеги буталарды жок кылууга жөндөмдүү. Өткөн жылы октябрда АКШ Украинага алгачкы эки NASAMS комплексин берген. Вашингтон Киевге жалпысынан мындай сегиз система жеткирүүнү убадалаган. 2022-жылдын аягында АКШ Украинага NASAMS системаларын сатып берүү үчүн Raytheon компаниясы менен 1,2 миллион долларлык келишим түзгөн.

Мындан тышкары АКШ менен анын союздаштары Украинага бир нече NASAMS комплекстерин берүү тууралуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG