Ссылки доступа

Казакстанда суукта жолдо жүрбөй калган автобустардан 69 өзбек жараны эвакуацияланды


Казакстандын Актөбө облусунда начар аба ырайынан улам жолдо калган эки автобустун жүргүнчүлөрү эвакуацияланды.

Казакстандын Актөбө облусунда бир нече күндөн бери минус 30 градуска чейин суук болууда. 11-январда Самара-Чымкент трассасында автобус жүрбөй калган. Анда Казакстандын 3, Өзбекстандын 38 жараны бараткан. Бул тууралуу облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.

Жол жабылгандан улам бардык жүргүнчүлөр Иргиз айлындагы орто мектепке жайгаштырылды.

Ушул эле күнү Самара-Чымкент жолунда бараткан башка бир автобустун жүргүнчүлөрү – 31 өзбекстандык да эвакуацияланып, Карабутак айлындагы мечитке жеткирилди.

Эки автобус тең калың кардан улам жолдо тыгылып калган.

Видео

XS
SM
MD
LG