Ссылки доступа

Кыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге виза берилет


Жогорку Кеңеш Кыргызстанда 10 миллион жана 20 миллион сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жарандарга беш жылдан 10 жылга чейин виза берүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Жогорку Кеңеш 11-январдагы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттин төрт депутаты – Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Жанарбек Акаев жана Сеидбек Атамбаев жазган мыйзам долбоору Кыргызстанда инвесторлорго шарт түзүп берүүгө багытталганы айтылды.

“Азыр 10 миллион сомдон ашык инвестициялык салым кошкон чет элдик жаран Кыргызстанда үч жылга инвестициялык виза алат. Биз бул мөөнөттү беш жылга узарттык. Андан тышкары 20 миллион сомдон ашык инвестиция салса, ал 10 жылга инвестициялык виза алса болот. Себеби, үч жыл аз. Мисалы, бирөө Кыргызстанда чоң ишкана ачам десе ага бул убакыт жетпейт. Мамлекет ага жок дегенде 10 жыл бериш керек”, - деди Дастан Бекешев.

Документти талкуулоо учурунда бул мыйзам арам акчаны адалдоого курал болуп калбайбы деген кооптонуулар көп айтылган. Авторлор Кыргызстанга инвестиция салам деген ишкерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Финансылык чалгын кызматы текшерерин билдирди.

2021-жылы инвестицияларды колдоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, инвесторлорго 10 миллион доллар каражат салып өкмөт менен инвестициялык макулдашуу түзүүгө жол ачылган. Ага чейин бул сумма 50 миллион доллар болчу. Аны менен кошо эле 10 миллион сомдон ашык инвестиция кылгандарга виза алыш үчүн Тышкы иштер министрлигине арыз тапшырууга укук берилген. Дастан Бекешев Кыргызстанда 2022-жылы 27 инвестициялык виза берилгенин айтты.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө инвесторго шарт түзүп, алардын мүлкүнүн кол тийбестигине кепилдик берерин билдирип келет. Бирок бизнести мыйзамсыз текшерүү, акча чогултуу фактылары бар экенин моюнга алып, 2023-жылы ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 958 миллион доллар инвестиция келген. Ушул эле убакытта 563 миллион доллар сыртка чыгарылып кеткен. Статистика комитети азырынча өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөрдү жарыялай элек.

XS
SM
MD
LG