Ссылки доступа

Казакстан сенатын шайлоо: бюллетенге 55 талапкердин аты-жөнү кирди


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аймактык комиссиялар жөнөткөн болжолдуу маалыматтардын негизинде бюллетенге 55 талапкерди кошту. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди.

"Алматы шаарынан төрт, Алматы, Жетысу, Жамбыл, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Түркстан облустарынан экиден, калган аймактар менен Астана жана Чымкент шаарларынан үчтөн талапкер кошулду", – деди Абдиров.

Ал шайлоочулардын тизмесине 3168 маслихат депутатынын аты-жөнү киргизилгенин, алардын көбү Түркстан (317) жана Костанай облусунан (263) экенин кошумчалады.

Казакстанда парламент сенатынын депутаттарын шайлоо 14-январга белгиленген. Өткөн жылы 24-декабрда башталган шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 13-январда түнкү саат 12де аяктайт.

Тизмедеги шайлоочулардын 50% ашыгы добуш берүүгө катышса шайлоо өттү деп эсептелинет. Алардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат.

Конституцияга ылайык, сенатка ар бир облустан, республикалык маанидеги шаарлардан жана баш калаадан экиден депутат шайланып, дагы 10 депутатты президент тандайт. Казакстанда азыр 17 облус, республикалык маанидеги эки шаар бар – Алматы жана Чымкент. Сенатта жалпысынан 50 депутат болушу керек.

Сенат депутаттыгына акыркы он жылда Казакстанда туруктуу жашаган, 30 жаштан өткөн, жогорку билимдүү, соттуулугу жок жана беш жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы бар казак жараны талапкер боло алат.

XS
SM
MD
LG