Ссылки доступа

"Вечерний Бишкек" Kaktus.media сайтын сотко берди


"Вечерний Бишкек" басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын сотко берди. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media жана "Вечерний Бишкек" басылмалары өз сайттарына жарыялашты.

"Биринчи май райондук сотуна арыз берүүгө "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалган тууралуу макала себеп болгон. Келтирилген доонун суммасы – 50 миллион сом", - деп билдирди Kaktus.media.

Маалымат сайты "Вечерний Бишкек" доонун 25 миллион сомун журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана басылманын ээси Дина Масловадан өндүрүүнү өтүнгөн. Калган 25 миллион сомду басылманын өзүнөн талап кылган.

"Вечерний Бишкек" Kaktus.media сайтына чыккан "Вечерный Бишкек" гезити 1-январдан тарта жабылды. Басылманын чыкканына 49 жыл болду" деген темадагы макалада басылманын жабылышы жана банкрот болгону боюнча туура эмес маалымат берилген деп эсептейт.

Макаланын аталышында чындыкка дал келбеген маалымат берилгенин, басылма жабылбай эле ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдирди.

Басылманын арызын кабыл алган Бишкектин Биринчи май райондук соту маалымат бере элек.

Kaktus.media сайтына 29-декабрда "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылары тууралуу макала жарыяланган. Анда басылманын "миллиондогон карызы бар экени, имараты камакка алынганы жана кызматкерлери жумуштан айдалганы" жазылган.

XS
SM
MD
LG