Ссылки доступа

Казакстан Орусиянын "Транснефть" системасы аркылуу Германияга мунай жеткирүүгө уруксат алды


Казакстандын "КазТрансОйл" компаниясы Орусиянын Энергетика министрлигинен өлкө аймагы аркылуу Германияга мунай ташууга уруксат алганын билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап 2023-жылдын биринчи кварталында "Транснефть" орус компаниясынын мунай-куур системалары аркылуу Германияга 300 миң тонна мунай жеткирүүгө ниеттенип жатат.

"Бул 300 миң тонна КМШ өлкөлөрүнөн Орусиянын аймагы аркылуу мунай ташуу боюнча Орусиянын Энергетика министрлиги бекиткен мунай транзитинин графигинде көрсөтүлгөн", – деп жазылган "КазТрансОйлдун" билдирүүсүндө.

11-январда Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков өлкө Германияга алгачкы 20 миң тонна мунайды "Достук" кууру аркылуу жеткирүүгө даяр экенин, бирок буга орус тараптын макулдугун күтүп жатканын билдирген. Анын айтымында, Казакстан 2023-жылы Германияга 1,5 миллион тонна мунай экспорттоону көздөп жатат. "Зарыл болсо казак тарап бул көлөмдү 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткире алат. Бирок Германиянын суроо-талабы андан да кыйла көп", – деген министр.

Казакстан 2023-жылы 90,5 миллион тонна мунай өндүрүп, анын 71 миллионун экспорттоону пландап жатат.

XS
SM
MD
LG