Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев Сингапурдун президенти Халима Якубдун чакыруусу менен аталган өлкөгө барат.
Саммиттин күн тартибине “өзбек-сингапур көп пландуу мамилелерин мындан ары бекемөө жана кеңейтүү маселелери” киргизилген.
Соода-экономикалык, инвестициялык, инновациялык жана транспорттук-коммуникациялык тармактарда, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Өзбекстан президенти Сингапурдун алдыңкы компанияларынын жетекчилери менен да жолугат. Сапардын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн бизнес-форуму өтөт.