Ссылки доступа

Алматы базарынын мурдагы жетекчилигине эл аралык издөө жарыяланды


Алматынын четиндеги "Алтын Орда" базарынын мурдагы жетекчилерине эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Алматы облустук полиция департаментинин билдирүүсүнө шилтеме кылып кабарлашты.

"Казинформ" агенттиги 36 жаштан 40 жашка чейинки курактагы төрт киши изделип жатканын жазды – Данияр Апдигапаров, Жумадин Патов, Канат Жакаев жана Айдос Нуркалиев. Алар өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка барган деп шектелүүдө.

2022-жылы жазында интернетке Данияр Абдигапаровдун президент Касым-Жомарт Токаевге жолдогон видеокайрылуусу жарыяланган. Анда ал базарды рейдерлик жол менен тартып алышканын айткан. ЖМКлар Абдигапаров "Алтын Орда" базарынын мурдагы директору жана базарга ээлик кылган компаниянын кожоюну экенин жазышкан. Базардын жетекчилиги алмашканы Январь окуяларынан кийин кабарланган.

Февраль айында Токаев Алматы шаары менен Алматы облусунун акимдерине "Алтын Орда" базарын "тартипке келтирүүнү" тапшырып, бул үчүн аларга эки ай убакыт берген. Анда Токаев аталган базар "көп киреше таба турган жайга" айланганын айткан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында базардын ишинде "соода жайларынын суткалык ижара акысына монополисттик жогорку бааны белгилөө менен монополиялык абалды орнотуу" жана "атаандаштык тууралуу мыйзамдарды бузуу" фактылары аныкталган.

Ага чейин Алматы облусунун Монополияга каршы департаменти Altyn Orda QazTrade LTD компаниясына карата административдик иш ачып, жыйынтыгында сот ишкананын 46 миллион теңгелик кирешесин камакка алган. Мындан тышкары "монополициялык жогорку бааларды койгону үчүн" базар жетекчилигин 1,4 миллион теңге айып пул төлөөгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG